ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХXIX кезекcиз сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 150/29-28
Орловка шаарынын мэриясынын аймагында жайгашкан коммерциялык жана өнөр- жай объектилеринин ижарасынын ченин бекитүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын жер маселелери жана жарандык коргоо секторунун башчысы Т.Н.Темиркановдун Орловка шаарынын мэриясынын аймагында жайгашкан коммерциялык жана өнөр-жай объектилеринин ижарасынын ченин бекитүү жөнүндө сунушун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагында калктуу конуштар ичиндеги коммерциялык жер участоктордун ижарасынын чени 1 (бир) квадраттык метрге 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл чарба эмес багытындагы жерлерди өнөр-жай объектилеринин ижара акысынын ченин айыл чарба эмес багытындагы жерлердин салыгынан 1,5 эсе ставкасы менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |