ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХXIX кезекcиз сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 151/29-28
“№1 суу сактагычтан Орловка шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү коллекторго чейинки суу түтүгүн алмаштыруу жана “Сухая щель” коллекторунан №2 суу сактагычка чейинки суу түтүгүн алмаштыруу” долбоорун каржылоо үчүн өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берүү жөнүндө
“Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын директору - Т.А.Тентиевдин “№1 суу сактагычтан Орловка шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү коллекторго чейинки суу түтүгүн алмаштыруу жана “Сухая щель” коллекторунан №2 суу сактагычка чейинки суу түтүгүн алмаштыруу” долбоорун ишке ашыруунун зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “№1 суу сактагычтан Орловка шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү коллекторго чейинки суу түтүгүн алмаштыруу жана “Сухая щель” коллекторунан №2 суу сактагычка чейинки суу түтүгүн алмаштыруу” долбоорун өнүктүрүү фонддоруна өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |