Редакцияот 24.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 22- отуруму (сессиясы)

 

2021-жылдын 24-июля  № 22-1

Н.Исанов  атындагы айыл аймагында Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы жөнүндө аймактагы айылдардын тургундарынын элдик жыйындагы пикирин эске алып,статист Н.Доорановдун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык, Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы  бекитилсин.(Устав тиркелет)

 

2. Н.Исанов атындагы айыл  аймагында  Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставын Ош шаардык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айылдык кеңештин катчысы, Г.Байышовага милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышына   көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жолдошов

Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин  № 7

чакырылышынын кезексиз  22- отурумунун (сессиясы)

№22-1 токтомуна №1 тиркеме

 

 

Ош областынын

Ноокат районунун

Н.Исанов атындагы айылдык аймагынын

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын

 

У С Т А В Ы

 

 

Жаңы-Базар айылы

2021- ж.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

I. Жалпы жоболор

 

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун толук аталышы:

-        мамлекеттик тилде: Ош областынын, Ноокат районунун, Н.Исанов атындагыайылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы»;

-        расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сел сообщества» имени Н.Исановского айыльного аймака Ноокатского района Ошской области.

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кыскартылган аталышы:

-        мамлекеттик тилде: Н.Исанов атындагыайылдык аймагынын КАИА;

-        расмий тилде: ИАСС имени Н.Исановского айыльного аймака.

  1. Н.Исанов атындагыайылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын» (мындан ары КАИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Ноокат району, Жаны-Базар айылы, Исанов көчөсү № 89.
  2. КАИА өз ишмердүүлүгүн Н.Исанов атындагыайылдык аймагында жүргүзөт.
  3. КАИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
  4. КАИАнын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле КАИАнын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
  5. КАИА юридикалык жак катары түзүлбөгөн, коомдук уюм болуп саналат. КАИА өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, делегаттардын Конференциясынын/Жалпы чогулушунун протоколунун жана уставынын негизинде айылдык кеӊеште катталат.

 

II. КАИАнын максаттары жана иш-милдеттери.

 

  1. КАИАнын түзүлүү максаттары:

- социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.