Редакцияот 29.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III -заседаниеси

2021-жылдын 29-июну № 3/5

Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша боюнча 2022 –жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө

Жошолу айылдык кеңешинин VII -чкырылышынын кезексиз III –заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Жошолу айыл өкмөтүнүн жергилитүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбоору 13414,6 миң сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 9402,4 миң сом, өздүк киреше 4012,2 миң сом , атайын каражаттар 300,0 миң сомго бекитилсин.

 

2. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга божомолу 15056,4 миң сомго , атайын каражаттар 300,0 сомго жактырылсын .

 

 

3. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга долбоору 4224,2 миң сомго , атайын каражаттар 300,0 сомго жактырылсын .

 

4. Корголгон беренелердин (эмгек акы , социалдык фондуна чегерүүлөр, даары дармектерди жана тамак -аш азыктарын сатып алуу , көмүр отун жана комуналдын кызмат көрсөтүүлөр ) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн .

 

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай , курулуш , транспорт, соода байланыш инвестиция , энергетика маселелери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип , аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Жеңишбекке жана финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

К.Матабаров