ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV заседаниеси
2021-жылдын 28-июлу № 4/1
Жошолу айыл өкмөтүнүн ӨКТЖКЧ боюнча башкы адисинин жүргүзүп жаткан , алты айлык отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевдин алты айлык отчетун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевдин жүргүзүп жаткан иши бир катар жумуштар аткарылгандыгын эске алуу менен «жакшы » деп белгиленсин.
2. Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарга айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси берилгенден кийин, коопсуз жайга көчпөстөн, ошол жерде жашап жаткан жарандарга мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, мөөнөт коюу , сот органдарына өткөрүп берүү жагы ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевге милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы калктын турак жайларын милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү багытында иш жүргүзүү жагы бардык айылдын айыл башчыларына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы ӨКТЖКЧ боюнча башкы адисине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Матабаров. |