Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму

2024-жылдын 25-январы №29/5

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2024-жылга өнүгүү планын жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө  ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2024-жылга өнүгүү планын жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасын бекитүүнү карап,талкуулап Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

 

 ТОКТОМ  КЫЛАТ : 

 

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасы бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн стат.экономист кызматкери Т.Романовго тапшырылсын.

Төрага:

Т.Бегматов