Редакцияот 20.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 17- отуруму (сессиясы)

 

2021-жылдын 20-февраы  № 17-2

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020- жылдан  калган калдык акча  каражатынын 2021-жылга бөлүнүшү  жөнүндө

 

                 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2020-жылдан калган калдык акча каражатын  2021-жылга иштетүү боюнча  Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин     « Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк »  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып  чыгылган. Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  44-беренесинин  4 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып

                                           Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

         1.   Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары  2822,2 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары  352,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

          2.  2020-жылга калган калдык акча каражаттан  аппарат кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн  № 131 токтомунун  4 пункутунун негизинде 2 айлык үстөк акча каражаты жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар   № 1тиркемеге ылайык берилсин.

           3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин  мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.                   

          4. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча» туруктуу комиссиясы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага

М. Тойчуев

Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин   7-чакырылышынын

кезексиз  17-отурумунун № 17-2 токтомуна

 № 1 тиркеме

Н.Исанов атындагы  өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджетик счетунан калган  калдык акча каражаттарынын   2021-жылына чыгымдалышы

 

№

               

                              Чыгашалардын аталышы

Сумма миң сом

1

Айыл өкмөттүн кызматкерлерине эки айлык өлчөмүдө кошумча эмгек акыга

778,7

2

Социалдык төлөмгө

134,3

3

2020-жылга карата турак жайларды катоонун кредитордук акысына

66,1

4

Ош мамлекеттик архив ишканасына кредитордук акысына

10,0

 

5

Департамент гос.экспертизага кредитордук акысына 

46,1

6

1С программасына өтүүгө      

61,3

 

7

Айыл өкмөттүн кеңсесини жанына эс алуу бакчасына          

700,0

 

8

Долбоорлорду  даярдаганга

415,0

9

Айыл аймагына караштуу  айылдардагы жарыктандырууну оңдоого                       

100,0

 

10

Кожоке айылындагы трансформаторлорду оңдоого                                     

110,0

11

Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасындагы сел өтүүчү каналды тазалоо, темир бетон латокторду  орнотууга ЧП Амиракуловго кредитордук акысына       

 

400,6

 

                    Бюджеттин жалпысы

2822,2

1

Атайын каражаттарга

352,8

 

                                                       Жалпысы

3175,0

 

 

              Н.Исанов атындагы айылдык

кенешинин жооптуу катчысы :               Н. Атаканова