Редакцияот 20.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 17- отуруму (сессиясы)

 

2021-жылдын 20-февралы  № 17-1

Н.Исанов атындагы  айыл аймагындагы жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

 

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык дарактарды бутоо,зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге,ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономго кызмат акы өлчөмүн бектиүү жөнүндө Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2021-жылдын 10-февралындагы №01-28/184 сандуу чыгыш катына негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Исанов айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Н.Исанов атындагы  айыл аймагында  Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2021-жылдын 10-февралындагы №01-28/184 сандуу чыгыш каты аткарууга алынсын.

 

2. Н.Исанов атындагы  айыл аймагында жеке агроном үчүн кызмат акы-1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак-дарактарды дарылоо-3000,0 сом,1,0 га жер аянтындагы эгин талааларын дарылоо-2000,0 сом,1,0 га жер аянтындагы бак-дарактарды бутоо жумушу-30-150 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Жеке агрономдун кызмат акылары боюнча маалыматты айылдарга жеткирүү ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн

 

Төрага

М. Тойчуев