Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын”

 

2024-жылы 16-январы №2

 

“Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2024 -жылдын 1 - январына карата эсептик счетто калган айылдык аймактын бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын бекитүү жөнүндө”

 

            Өрүктү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүнүн негизинде 2024-жылдын 1-январына карата эсептик счетто калган айылдык аймактын бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын статьялар жана тармактар боюнча бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

1.    2024-жылдын 1-январына карата эсептик счетто калган айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын статьялар жана тармактар боюнча бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.

2.    Өрүктү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2024-жылдын 1-январына карата бюджеттик каражатындагы калган калдык 2 711,3 миң (эки миллион жети жүз он бир миң үч жүз) сом жана атайын каражатындагы калдык 503,6 миң (беш жүз үч миң алты жүз) сом суммалары статьялар жана тармактар боюнча бекитилсин.

3.    Жогорудагы бюджеттик калдык каражаттар 2023-жылдагы түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелер эске алынып, тиешелүү статьялар боюнча бөлүштүрүү жана аткаруу айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.

4.    Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.