Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму

2024-жылдын 25-январы  №29/9

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

 

Айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясын талкуусун угуп, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын  мыйзамынын   34-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык   Коңур-Дөбө айылдык кенеши

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

 

1.              Коңур-Дөбө айыл  өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына  карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 1054,8  (анын ичинен атайын каражат 307,1 ) миң сом калдык  акча каражатын 2024-жылдын  бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.

2. Айылдык кеңештин отурумунда талкууланган 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 1054,8 (анын ичинен атайын каражат 307,1 ) миң сом акча каражаты 2024-жылдын  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Мадаев Гулжигит Мурзамидиновичке  жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгул Насирдиновнага   милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Т.Бегматов