Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму

2024-жылдын 25-январы  №29/10

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндөгү” № 233 токтомуна жана № 153 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ :

 

1.            Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламенти бекитилсин.

 

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу бардык мекемелерге бекитилген регламентти жетекчиликке алуу жеткирилсин.

 

3. Регламенттин Жоболору менен кынтыксыз иш алып барууну уюштуруу Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Г.М.Мадаевге жана жооптуу катчысы Г.Кимсанбай кызына жүктөлсүн.

Төрага:

Т.Бегматов