ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын”
2024-жылы 16-январы №5
“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак- ашын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө”
2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктунда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп белгиленген. Ал эми, ушул эле Мыйзамдын 64-беренесинде мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды расмий жарыяланган күндөн тартып, календардык бир жыл ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирүү каралган. Ошондуктан, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренеси мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан кийин ишке ашырыла тургандыгын эске алып, ченемдик укуктук актылар кабыл алынганга чейин учурдагы ченемдик укуктук актыларга ылайык Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
- 2024-жылдын 7 айына карата айыл аймактагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн каражат айылдык аймактын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 889, 3 миң (сегиз жүз сексен тогуз миң үч жүз) сом каржылансын.
- Аталган акча каражатынын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү статьясында туруусун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өз максатында каржылоо айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
- Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева. |