КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму
2024-жылдын 25-январы № 29/12
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессиясында кабыл алынган № 28/3 токтомуна айрым түзөтүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы айылдык маданият үйүн ремонттоо үчүн демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин чыгарылган 2023-ж.28-декабрь № 28/3 токтомуна Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылкы бекитилген бюджетин карап, талкуулап түзөтүү,өзгөртүү киргизүү үчүн Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонтоого байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү долбоорду карап чыгып,үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 5 652 5 млн. сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 300 000 сомдук өздүк салымды Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен бөлүп берүү сунушталсын деген 1- пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда жазылып кабыл алынып, 2-пункт толугу менен алынып салынсын
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттоого байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү долбоорду карап чыгып, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген бюджетин карап, өздүк салымга каражат тартыштыгына байланыштуу долбоордогу жалпы 5 652,5 млн сом Ош облустук өнүктүрүү фондунан каржылоо суралсын.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Г.М.Мадаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Бегматов |