ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”
2024-жылы 27-январы №3
“Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчету, 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө”
“Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С. Сүйүмкуловдун билдирүүсүн жана Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жыл 26-январындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
- “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
- “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата өздүк кирешеси 834,4 (сегиз жүз отуз төрт миң төрт жүз) сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген субсидия 1 050,0 (бир миллион элүү миң) сом, жалпы кирешеси 1 884,4 (бир миллион сегиз жүз сексен төрт миң төрт жүз) сом болуп бекитилсин.
- “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына 2024-жылга субсидия түрүндө жергиликтүү бюджеттен ажыратылган 1 050,0 (бир миллион элүү миң) сом акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
- “Өрүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын эсебинен эсептегич коюу менен Кең-Кол айылынын ар бир кожолукка таза суу улап берүү төлөмү 2 800 (эки миң сегиз жүз) сом болуп бекитилсин.
- Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева. |