АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXIV -кезектүү сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 24/2
«Ак-Кыя сервис» ишканасынын таза суу боюнча киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
«Ак-Кыя сервис» ишканасынын 2023-жылга карата таза суу менен камсыз кылууда таза суу боюнча киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралуу ишкананын директору Н.Турпаналиевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын «Ак-Кыя сервис» ишканасынын таза суу менен камсыз кылууда 2023-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
№№ | Кирешелердин аталышы | Сумма мин сом менен |
1 | Таза суудан түшкөн акы | 474,0 |
| Баары | 474,0 |
2. Чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
№№ | Чыгашалардын аталышы | Сумма мин сом менен |
1 | Негизги маяна | 266,951 |
2 | Пенсиялык фондго төгүмдөр 17,25% | 55,649 |
3 | Байланыш кызматынын көрсөтүү интернет | 10,8 |
4 | Бензин, күйүчү майлар | 7,1 |
5 | Башка кызматтарга акы төлөө | 14,0 |
6 | Кенсе товарларын жана башка буюмдарын алуу | 10,0 |
7 | Таза суу башатын ондоо | 10,0 |
8 | Электроэнергия үчүн | 99,5 |
| Баары | 474,0 |
3. Бир айга таза суу үйүнө кирген абоненттерден 150 сом акы, сырттан алган абоненттерден 100 сом акы, комерциялык абоненттерден 300 сом акы бекитилсин.
4. Ак-Кыя айыл аймагынын «Ак-Кыя сервис» ишканасынын таза суу менен камсыз кылууда 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы ишкананын директору Н.Турпаналиевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Мамырбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |