КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму
2024-жылдын 25-январы № 29/13
Кара-Шоро айылынын тургуну Токторалиев Чолпонбай Келдибаевичтин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-статьясынын 13-пунктунун,18-статьясынын 3-4-пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын 2009-ж.26-январь № 30 Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 1-2-беренелеринин негизинде Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Шоро айылынын тургуну Токторалиев Чолпонбай Келдибаевичтин арызы эске алынып, суралган Кара-Шоро айылынын этегиндеги авто жолдун сол тарабындагы тектирден орун алган 1.60 га жер аянты көрктөндүрүү үчүн мөөнөтүн көрсөтүү менен ижарага берилсин.
2. Суралган 1.60 га жер аянтынын топурагынын асылдуулугунун сапатын, кандай контурда тургандыгын аныктоо жана каттоо жагы тиешелүү мекемелерден суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жайыт комитети Р.Боронбаевге, жер адис К.Пасаңовго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Бегматов |