Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”

 

2024-жылы 27-январы №6

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин төрайымынын билдирүүсүн эске алып, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын түзүлгөн курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

  1. Өрүктү айылдык Кеңешинин 4 (төрт) туруктуу комиссияларынын курамы:

 

-        Бюджет, экономика, каржы жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Аким уулу Азамат, мүчөлөрү: Ирисматова Гүлайша Кочкоралыевна, Токтомушев Акылбек Эгембердиевич жана Турдуева Гүлүмкан Эшалыевна;

-        Жер, агрардык маселелер, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Абдраимов Нурбек Койчукулович, мүчөлөрү: Абдиев Санжар Мавлянкулович, Кулматов Марс Кубанычбекович, , Темиралиев Раймалы Кулмаматович жана Оңолбаева Толгонай Кочкоралыевна;

-        Социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт маданият боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы: Бузурманкулова Тинатин Эрбаевна, мүчөлөрү: Сапарова Бүбайша Турдалиевна, Чолпонкулова Гүлжамал Нарбаевна, Сейитмырза уулу Мирбек;

-        Өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы: Наримбетов Султанбек Турдумамбетович, мүчөлөрү: Өмүрзакова Ыкылым Таштемировна, Дооронбеков Азамат Насирдинович, Бекназарова Гүлмира Аширбековна, Арстанбеков Жумадил Аскарбековичтер бекитилсин.

 

  1. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына өз комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планына жана Өрүктү айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планына ылайык иш алып баруу милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басары Хасанбаев Жолдошбай Тургунбаевичке жүктөлсүн.

 

 

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.