ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”
2024-жылы 27-январы №7
““Ала-Бука Чаткал Ынтымагы” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Н. Нурумбет уулунун кайрылуу катын кароо жөнүндө”
Касан-Сай суу сактагычынын суу тартылган жээгинде, суу чарба башкармалыгынын балансында турган аймакта иш алып барып жаткан “Ала-Бука Чаткал Ынтымагы” ЖЧКнун жетекчиси Н. Нурумбет уулунун Өрүктү айылдык аймагына социалдык колдоо көрсөтүү ирээтинде жергиликтүү бюджеттин эсебине өз ыктыяры менен төлөөчү сумманын өлчөмүн бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. “Ала-Бука Чаткал Ынтымагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Н. Нурумбет уулунун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. “Ала-Бука Чаткал Ынтымагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Н. Нурумбет уулунун Өрүктү айылдык аймагына социалдык колдоо көрсөтүү ирээтинде жергиликтүү бюджеттин эсебине өз ыктыяры менен төлөөчү сумманын өлчөмү 2024-жыл (1 жыл) үчүн 600 (алты жүз миң) сом болуп белгиленсин.
3. Касан-Сай суу сактагычынын жээгинде суу тартылган аянтта иш алып баруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо боюнча иш алып баруу “Ала-Бука Чаткал Ынтымагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Н. Нурумбет уулуна милдеттендирилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттин эсебине өз ыктыяры менен төлөөчү сумма боюнча эки тараптуу келишимдерди түзүү жана төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде кириштөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева. |