Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”

 

2024-жылы 27-январы №8

 

“Чолок-Тума айылынын тургуну И. Дувлатовдун кайрылуу катын кароо жөнүндө”

 

Чолок-Тума айылынын тургуну И. Дувлатовдун Өрүктү айылдык аймагынын башчысынын атына 25-январь 2024-жыл жазган арызын карап чыгып жана Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын 27-январь 2024-жылдагы отурумунун аталган маселе боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин (1999-жылдын 2-июну №45 Мыйзамы менен бекитилген) 12-18-беренесинин негизинде “Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

  1. Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын 27-январь 2023-жылдагы отурумунун аталган маселе боюнча корутундусу эске алынсын.
  2. Чолок-Тума айылынын тургуну И. Дувлатовдун там арка үчүн берилген жалпы аянты 0,53 га жер аянтынын ичинен 162,00 кв.м жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүүгө (калкты тейлөө, азык-түлүк сатыгы менен кызмат көрсөтүү үчүн күбөлүк алуу) уруксат берилсин.
  3. Жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүүдө иш-кагаздарын даярдоо боюнча иш алып баруу жана тиешелүү органдардан каттоодон өткөрүү жагы арыз ээси И. Дувлатовго милдеттендирилсин.
  4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин жер, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.