АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXIV -кезектүү сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 24/4
Ак-Кыя айыл аймагында тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгы тууралуу айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 33, 34-беренелерин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Кыя айыл аймагында тиричилик таштандыларды чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу маселесин чечүү боюнча кызматтардын тизмеси» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге жана «Ак-Кыя сервис» ишканасынын директору Н.Турпаналиевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Сагынбек уулу |
| Ак-Кыя айылдык кеңешинин 17-февраль 2023-жылдагы № 24/4 Токтомуна тиркеме |
Ак-Кыя айыл аймагында тиричилик таштандыларды чогултууну, ташып
чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу маселесин чечүү боюнча кызматтардын
Тизмеси
№ | Кызматтын аталышы | Аткарууга жоопту |
1 | Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтин катуу калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу | Айыл өкмөтү |
2 | Курулуш таштандыларды чыгаруу | Айыл өкмөтү |
3 | Айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн иш аракеттерин пландаштыруу | Айыл өкмөтү |
4 | Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө | Айыл өкмөтү |
5 | Катуу калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө | Айыл өкмөтү |
6 | Айыл өкмөттүн жылдык иш планында ТККны топтоо, ташып чыгарууну жана жок кылууну пландаштыруу | Айыл өкмөтү |
7 | Катуу калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифти төлөө үчүн женилдетилген категорияларды аныктоо | Айыл өкмөтү |
8 | Катуу калдыктарды алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү | Айыл өкмөтү |
9 | Катуу калдыктарды чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтү |
10 | Катуу калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүүнү тандоо/дайындоо | Айыл өкмөтү |
11 | Жеке жана юридикалык жактарга көркөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөтү |
12 | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу | Айыл өкмөтү |
13 | Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө | Айыл өкмөтү |