АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXV-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 25/1
2023-жылдын 1-январына карата Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн эсеп счётунда бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 2023-жылдын 1-январына карата Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн эсеп счётунда бош калган акча каражаты тууралуу бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитеттин жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчи Р.Калманбетованын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттен 1 789 624 (Бир млн жети жүз сексен тогуз мин алты жүз жыйырма төрт) мин сом бош калган акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүштө бекитилсин.
№ | Берене | Чыгашалардын аталышы | Сумма |
2215 | Башка кызмат көрсөтүү Аппарат |
| |
1 | 22122900 | Кара-Суу айылына тартылып келинген интернет линиясы үчүн Телекомго | 188 000 |
2 | 22152100 | Таштанды чыгаруу үчүн "Кочкор Тазалык" ишканасына которуу Жаны-Жол айылы | 450 000 |
3 | 22154100 | Афган коогаланына жардам көрсөтүү 15.02.2023 1*1000=1000 | 1000 |
4 | 22154100 | Таджик коогаланына жардам көрсөтүү 24.02.2023 4*1000=4000 | 4000 |
5 | 22154100 | 8-Март аялдардын эл аралык күнүнө карата жардам 5*500=2500 | 2500 |
6 | 22154100 | Чернобыль коогаланына жардам 27.04.2023 1*1000=1000 | 1000 |
7 | 22154100 | Баткен коогаланына жардам 27.10.2023 6*1000=6000 | 6000 |
8 | 22154100 | 9-май жениш күнүнө карата катышуучулардын жесирлерин сыйлоо | 4000 |
9 | 22154100 | Карылар күнүнө карата жардам көрсөтүү | 19000 |
10 | 22154100 | Баатыр энелерди сыйлоо | 19000 |
11 | 22154900 | Туберкулез менен ооругандарга жардам берүү | 5000 |
12 | 22154900 | Майып балдарга жардам берүү | 19500 |
13 | 22154900 | Жетим балдарга жардам берүү депозит ачуу | 10000 |
14 | 22154900 | Жолбун иттерди аттыруу учун | 20000 |
15 | 22154900 | Ар кандай проекттерге докум даярдоо (смета,өздүк салым,мам акт) | 186874 |
16 | 22154900 | Топосьемка Жаны-Жол айылы ген планга | 95750 |
17 | 22154900 | Таштанды чогултуучу жайга мам акт алуу үчүн Кара-Суу айылы | 108000 |
18 | 22154900 | Мал базар салууга ар кандай чыгымдар үчүн (Транспорт,шагыл,көпөрө салуу,тегерегин тосуу ж.б) | 450000 |
19 |
| "Ак-Кыя Сервис" муниципалдык ишканасына таштанды төгүүчү жайды каздыруу үчүн | 200000 |
|
| Баардыгы: | 1789624 |
2. Бош калган акча каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жагы К.Р.Финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдатышын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге жана ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
4. Көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айылдык кеңешинин экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | А.Сагынбек уулу |