Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-январы № 30

Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Нарын облусунун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.

2. Муниципалдык органдар белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алсын жана аларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылсын;

- автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын каттоо органдарында каттоодон өткөрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Нарын облусунун айыл өкмөтүнө өткөрүп берилген "Лада Нива Легенд" үлгүсүндөгү кызматтык автомобилдердин ТИЗМЕСИ

№

Айыл өкмөтү

Кузовдун номери

1

Ала-Буга

ХТА212140R2489427

2

Баетов

ХТА212140R2489433

3

Кара-Бүргөн

ХТА212140R2489423

4

Тоголок Молдо

ХТА212140R2476619

5

Ат-Башы

ХТА212140R2489437

6

Ак-Моюн

ХТА212140R2489434

7

Баш-Кайыңды

ХТА212140R2489441

8

Казыбек

ХТА212140R2489414

9

Кара-Суу

ХТА212140R2489428

10

Байзак

ХТА212140R2489426

11

Жумгал

ХТА212140R2489416

12

Куйручук-Кызарт

ХТА212140R2489449

13

Миң-Куш

ХТА212140R2489446

14

Түгөл-Сай

ХТА212140R2489444

15

Чаек

ХТА212140R2489447

16

Кара-Суу

ХТА212140R2489420

17

Кум-Дөбө

ХТА212140R2489432

18

Ормон-Хан

ХТА212140R248943 5

19

Сары-Булак

ХТА212140R2489448

20

Чолпон

ХТА212140R2489421

21

Жан-Булак

ХТА2121240R2489440

22

Жерге-Тал

ХТА2121240R2489431

23

Дөбөлү

ХТА2121240R2489443

24

Миң-Булак

ХТА2121240R2489419

25

Учкун

ХТА2121240Р2476789

26

Эмгек-Талаа

ХТА2121240R2489417

27

Чет-Нура

ХТА2121240Р2476618