Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 22-февралы  № 1/3

«Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,  Тилектеш  айыл аймагынын  айылдык кенеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.  Жошолу  айыл өкмөтү жана  Корул  айыл өкмөтү мекемелерин   бириктирүү жолу  менен “Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү”  болуп кайра түзүлсүн.

          Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

  - Мамлекеттик тилде:  “Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү  " мекемеси;

  - Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмоту  Тилектешского  айылного аймака"

   Кыскартылган фирмалык аталышы:

  - Мамлекеттик тилде:   “ Тилектеш   айыл аймагынын айыл өкмөтү" м-и.

  - Расмий тилде: У-е "Айыл окмоту   Тилектешского  айылного аймака"

 

       2. “Тилектеш  айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркелет).

 

    3. “Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин .

 

  4. “Тилектеш” айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай  району,  Жаңы-Турмуш айылы, Жаңы-Турмуш -1 көчөсү № 1а болуп аныкталсын.

 

  5. Жаңы түзүлгөн мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

       

      Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага::

А.Танаев