| “Бекитемин” Бурана айылдык кеӊешинин төрагасы _________А.Б.Исагалиев |
2024-2026-жылдарга Бурана ААнын калкты социалдык жактан коргоо
программасы
Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты социалдык жактан коргоо программаларын иштеп чыгышы керектиги каралган (113-берене).
Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык: жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинен үзүндүлөр |
КР Конституциясынын ченемдерин аткаруу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы жөнүндө төмөнкүдөй ченемдерди белгилейт:
1) Мэриялардын, айыл өкмөтүнүн атынан ЖӨБдүн аткаруу органы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш аныктаган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат (45-, 51-беренелер);
2) Шаардык же айылдык кеңештин атынан өкүлчүлүктүү орган аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитет, программанын аткарылышы жөнүндө отчетту угат (34-берене).
1. Программаны иштеп чыгуунун принциптери жана эрежелери
Калкты социалдык жактан коргоо боюнча сунушталып жаткан программа (мындан ары – Программа) социалдык тобокелдиктерден жабыр тарткан же турмуштук оор кырдаалда турган жарандарды колдоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт.
Программа төмөнкү принциптердин негизинде иштелип чыгат:
ü Социалдык коргоо маселелерин чечүү ЖӨБ органдарынын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат;
ü Жергиликтүү жамааттын жана калктын өзгөчө аярлуу топтору Программаны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун бардык этаптарына тартылат;
ü Программаны пландоо жана ишке ашыруу баскычтарында ЖӨБ органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу;
ü Программанын чаралары жергиликтүү бюджеттин жана башка булактардын эсебинен каржыланат.
2. Жумушчу топтун курамы:
Бурана айылдык аймагынын ЖӨБдүн аткаруучу органы Калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгуу максатында АӨ башчысынын 2023-жылдын 2-майындагы №89 буйругу менен төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлдү:
1 Иманкунова Гульниза, ФЭБдин жетекчиси
2 Юсупова Аида, айылдык кеңештин депутаты
3 Исакова Гульмира, айылдык кеңештин депутаты