ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 2/3
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын карап чыгып,талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
2. 2024-жылга түзүлгөн перспективалык иш пландын кварталдарындагы коюлган иш-чаралардын аткарылышына жетишүү кеңештин жооптуу катчысына жана тиешелүү туруктуу комиссиялардын курамдарына тапшырылсын.
Төрага:: | А.Танаев |
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 2/3 токтомуна тиркеме
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын I-II-III-IV-кварталдарына түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ :
I-кварталда каралуучу маселелер:
1. 2024-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын мөөнөтүндө өткөрүүдө жазгы
айдоо,себүү иштери, минералдык жер семирткичтер жана сапаттуу уруктар менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистин жана айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Айылдык кеңештин
туруктуу комиссиясы
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип, мөөнөтү бүткөн жерлерди 2024-жылга карата аукционго коюу жана 1га жерге болгон ижара акысын карап бекитип берүү жөнүндө.
Айылдык кеңештин
туруктуу комиссиясы
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептериндеги билим берүүнүн сапатын
жогорулатуу,2023-жылдагы ОРТ жана предметтик олимпиядалардын жыйынтыктарынын жана 1-4-класстардагы балдарга ысык тамак берүүнүн абалы №18, №35 м.ч.б.б. мекемесинде тарбияланып жаткан балдарга тарбия жана ысык тамак берүүдө тарбиячылардын уюштуруучулук иштеринин абалы жөнүндө.
Айылдык кеңештин
туруктуу комиссиясы
II-кварталда каралуучу маселелер :
1. Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу жөнүндө.
Айылдык кеңештин
туруктуу комиссиясы
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын жөлөк
пулдардын жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында төлөнүшүндө соц.инспектордун, соц кызматкердин байланыш кызматкерлердин аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Айылдык кеңештин
туруктуу комиссиясы
3. Тилектеш айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жайгашкан ФАП тардын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы жөнүндө.