БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бурана айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму
2023-жылдын 4-декабры № 55
Дөӊ-Арык айылынын иче турган таза суусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Дөӊ-Арык айылына иче турган таза суу киргизгенге 120 метр жерди казып,трубаларды орнотуу иштерине сметасы түзүлүп, бюджеттен акча каражаты каралып, кеӊешке бөлүп берүү сунушу киргизилсин.
2. Аткаруу жагы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Б.Исагалиев |