Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

   2024-жылдын 12-апрели  № 2/4

        Айыл аймагындагы калктын жайлоого көчүп-конуусун жөнгө салуу жөнүндө

       Айыл аймагындагы калктын жайлоого көчүп-конуусун жөнгө салуу менен  Кыргыз Републикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагындагы бардык айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү убактысын белгилөө жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.               Кыргыз Републикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын  2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагындагы бардык айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү убактысы айыл аймагына караштуу бардык айылдарда тартипке  келтирилсин.

2.              Жайлоого көчүү убактысы Корул аймагында

-                1-Май айылында 1-май,

-                 Тогуз-Булак айылында 7-майдан,

-                Кең-Жылга жана Арал айылдарында 15-майдан ,

-                Жошолу аймагында бардык айылдарда 20-майдан кечиктирилбесин, ал эми Жошолу жана Корул айылдарында жайлоодон көчүп келүү  25-августтан  эрте болбосун.

 

3.              Жайлоого көчүп-конууну жөнгө салуу, аларды көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.

 

4.              Токтомду аткарбай, жайлоого малдарды өз учурунда, белгиленген мөөнөттө кетирбеген жарандарга, жайлоодон белгиленген убакыттан эрте көчүп түшкөн , же болбосо малдарды кароосуз калтырып, малы чөп орунду жайыттарга түшүп калган  жарандарга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пулдар салуу жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар мыйзамынын негизинде айып пулдарды  салуу менен тартипке чакыруу айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн бузуулар комиссиясына тапшырылсын.

 

5.              Ушул  токтомдун  аткарылышын камсыз  кылуу жагы   айыл өкмөтүнүн  айыл башчыларына жана Бузуулар Мыйзамы менен иш алып барган комиссиянын курамына   милдеттендирилсин, ал эми  көзөмөлдөө  жагы айылдык кенештин укук, мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

 

6.              Сырттан келген малдарды алып, жайлоого чыккандар алыскы жайлоолорго алып чыгышсын, айыл ичине бөлөк малдарды киргизишпесин.

 

7.              Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына  милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага::

А.Танаев