Редакцияот 24.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 42-сессиясы

 

2024-жылдын 24-майы №195

 

 Кадамжай шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-ноябрындагы № 153 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 23-майындагы 01-06-951  номери менен чыгышталган “Кадамжай райондук статистика бөлүмүнүн капиталдык ремонтун райондук өнүктүрүу фонду аркылуу өткөрүүнү колдоп берүу жөнүндө” кайрылуусун  карап, талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

Кадамжай шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-ноябрындагы № 153 токтомунун 1- пункту төмөндөгүдөй болуп окулсун:

 

1.Кадамжай райондук статистика бөлүмүнүн имаратын оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбоорун (жалпы сметалык баасы 1 147 438 сом) Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырууга уруксат берилсин.

Кадамжай шаардык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Абдыразаков