БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бурана айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму
2023-жылдын 4-декабры № 56
Бурана айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024 –жылдын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бурана айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024 –жылдын долбоору алдын ала кароого тез арада берилсин.
2. Аткаруу жагы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Б.Исагалиев |