ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 3/1
Тилектеш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Тилектеш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Тилектеш айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Тилектеш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын тактоо айыл өкмөтүнүн жер адисине жана Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономикалык саясат, муниципалдык менчик, калкты жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Тилектеш айылдык кеңешинин төрагасына жана Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага:: | А.Танаев |