Редакцияот 02.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Жазы айылдык кеңешинин 02-

июнь 2021-жылдагы № 2/5

токтому менен бекитилген

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ

 

1. Жалпы жоболор

 

1.1.Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык кенеш(мындан ары -кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

Жазы айылдык кенешинин туруктуу жайгашкан жери Кара- Дыйкан айылы болуп саналат жана курамы 4-жылдык мөонөткө шайланган 21 депутаттан турат.

Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча кеңештин сессиялары (жыйналыштарды) башка жерде өткөрүлсө.

Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын,жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

1.2. Кенештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөрсаналат:

-  Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөо;

-  Жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

-  Айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко канаатандыраарлык эмес деген баа берилген учурда , айылдык кеңеш айыл өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт

-  аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;

-  жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү.ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;

-  жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөө тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;

-  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу- тескөөчү органынын иши жөнүндө ишин угуу;

-  мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөонөтүнөн мурда токтотуу;

-  депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;

-  Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

-  Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз РеспубликасынынМыйзамдарына карама каршы келбеген чечимдерин жокко чыгаруу;

-  Кеңештин регламентин кабыл алуу;

-  Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;

-  Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана жана штаттык эсебин бекитүү;

-  Муздак сууну, канализацияны пайдалануу үчүн , ошондой эле катууу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитүү;

-  Алкоголдук ичимдиктерди тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө кыйуу салынганга чейин чектөолөрдү аныктоо;

-  Ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

-  Жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.

1.3.Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.

 

2.Айылдык кеңештин ишин уюштуруу

 

2.1. Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.

Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу –тескөөчү органы түзөт жана кеңештин төрагасы кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт.

2.2. Кеңештин сессиялары кварталда кеминде 1 жолу кеңеш белгилеген күндө жана саатта өтөт.

2.3. Кеңеш күн тартибиндеги маселелердин мазмуунун ж.б. жагдайларга карата көчмө сессияларды откөрө алат.

2.4. Кенешти чакыруу убактысы , сессиянын өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнундө кеңештин төрагасы же катчысы сессияга чейин эки күндөн кечиктирбестендепутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.

Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар сессияга чейин 1 күндөн кечиктирбестен депутаттарга жекече берилет.

2.5. Кеңештин кезексиз сессиялары кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча , туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгунүн сунушу боюнча чакырылат.Кезексиз сессия аны чакыруу боюнча сунуш алынган учурдан тартып 7 кундөн кечиктирилбестен өткөрүлүүго тийиш.

Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунушт күн тартибине киргизүүгө сунуш алынган маселелерди көрсөтүү жанаи кезексиз сессиянынын зарылчылыгын негиздөо менен жазуу жүзундө кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.

2.6. Кеңештин сессиясына пландан тышкары маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.

Кеңештин сессиясына пландан тышкары маселелерди аларды киргизүунун демилгечилери даярдайт.

2.7. Кенештин чечими боюнча же кенештин төрагасынын буйругу боюнча кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнун ичинен жумушчу комиссиялар(топтор) түзүлүшү мүмкүн.

2.8. Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар(чечимдердин долбоорлору, суроо талапьар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен кеңештин катчысына(маселени аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүго тийиш.Андай болбогон учурда масле кийинки жыйналышка которулат.

2.9. Кенештин кароосуна сунушталган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш:

- Аткаруучуларды, аткаруу мөонөтүн, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө;

- Таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен, ал эми зарылчылык болгон учурда – тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга.Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе, кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;

- Бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык кортундусу болууга.

2.10. Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин сунушу маселени Кенештин жыйналышына коюуга негиз негиз болгон адам даярдайт.

Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулонун убактысы жана орду жөнүндө кеңештин(жериликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-иескөочү органын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.

 

3.Кеңештин сессиялары, депутаттык угуулар

(“депутаттык саат”, депутаттык күн)

3.1. Кеңештин сессиялары (жыйналыш) кенештин шайланган депутаттарынын

жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.Айылдык кеңеш,

 эгерде мыйзамда башка каралбаса , айылдык кенештин депутаттарынын жалпы

санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.

Кеңештин депутаттары кеңештин сессияларына катышууга милдеттүү.

Сессияларга катышууну эске алууну кеңештин катчысы(мындан ары катчы) уюштурат.Депутат кезектеги сессиянын башталган убактысынан жарым саат(30 миунут) кечигип келсе, келбеди деп эсептелинет(жүйөөлүү себеп менен кармалып жаткандыгын төагага же катчыга билдирбеген учурда).

Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда кеңештин депутаты бул жөнундө кенештин катчысына күн мурунтан себеби жөнүндө билдирүүгө тийиш.

3.2. Катары менен төрт жолудан ашык айылдык сессияларына жүйөөлүү себепсиз(жүйөөлүү себеп болуп: оору, өргүү, иш сапар, жакын тууганы каза болсо, же кырсыкка учураган саналат) дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн аылдык кеңештин депутаттары алардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен Жазы айылдык кеңешинин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу.Депутаттычакырып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

3.3. Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болуп саналат.

3.4. Кеңештин чечими боюнча жабыкм жыйналыштар өткөрүлүшү мүкүн.

3.5. Кеңештин сессияларын- кеңештин торагасы, ал эми ал жокто кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.

3.6. Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, жактап,каршы добуш бергендерди, калыс калгандарды көрсөтүү менен) протоколго киргизилет.

еДобуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт.Добуш берүү учурунда жок болгон депутат оз добушун кийин берүүго укуксуз.

 

3.7. Кеңеш ар бир сессияда кеңештин сессияга катышып отурган депутаттарынын санынын көпчулүк добушу менен күн тартибин жана иштөо тартибин кабыл алат.

3.8. Өзгөчө гана учурларда күн тартибине кеңештин чечими боюнча кеңештин сессиясында түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкун.

3.9.Сессиянын күн тартибине кошумча киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

3.10. Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде бекитилген тартип боюнча жүрөт. Кун тартибинин маселелерин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.

3.11.  Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер кеңештин кийинки сессиясында калууга тийиш.

Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мунөткө чейин берилет.Жарыш сөзгө чыккандарга 5 мүнөткө чейин, талапкелер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлор үчүн з мүнөткө чейин.

Депутаттардын көпчүлүгүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.

3.12. Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.

3.13. Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан маселеден темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.

Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөодөн ажыратат.

3.14. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн .

3.15. Сессиянын жыйналышынын протоколу кенештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутатарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.

Протоколду жүргүзүп жаткан кенештин катчысы кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнундө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.

Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде кенештин депутаттары жазуунун манызына каршы пикир билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган кол коет.

3.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндо жергиликтүү кенештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.

3.17. Кенештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча өздөрүнүн караштуулугндагы маселелер боюнча депутаттык угууларды(“депутаттык саат”, депутаттык күн) демилгелешет жана өткөрүшөт.

Депутаттык угууларда (“депутаттык саат”, депутаттык күн) кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча жана Жазы айылдык кенешинин кабыл алган чечимдеринин аткарылышы , башка маселелер талкууланат.

Депутаттык угууларга чакырылган адамдар кенештин жыйналышына келүүгө милдеттүү. Депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан жепутаттардын добушунун көпчүлүгу менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.

 Депутаттык угуулар кыскача жана манызы боюнча стенограммаланат жана ага төага кол коет.

3.18.  Айылдык кеңештин сессиясы төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат.

Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар айылдык кеңештин сессиясында, депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөогө укуктуу

Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкулдөрү, чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.

3.19.  Сессияга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип катышууга тыюу ти и салынат.

4.Кеңештин чечимдери

 

4.1 Сессиядакаралган маселелер боюнча кеңеш чечим кылат .Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

4.2. Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4.3. Кеңештин төрагасын, кеңештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча ,Кңештин мурда мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдерди кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнун жетекчисине ишеним көрсөтпөо жөнүндө кеңештин чечими кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат.

Кнештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө яыгарылат жана ага кеңештин төрагасы кол коет.

4.4. Кенештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзундө же өоз эки баяндоого укуктуу, ал кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.

4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе , ал негиз катары алынат. Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер катары каралышы мүмкүн.

4.6. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан көбү аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.

4.7. Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.

4.8. Кеңештин чечимдерин чыгаруу үчүн жоопкерчилик кенештин катчысына жүктөлөт.

4.9. Кеңештин чечимин кол коюлгандан кийин 2 күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.

4.10.Кенештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын ичинде чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары , кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттүү.

4.11. Кеңештин чечимдери сот тартибинде же кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.

 

5.Жазы айылдык кеңешинин төрагасы

 

5.1.Айылдык кеңештин төрагасы кенешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.

Мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаңы чакырылган кенештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.

5.2. Кеңештин төрагасы өз кызматынан кеңештин демилгеси боюнча енештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, боштулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасы ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиясынын күн тартибине киргизилет.

Бул маселеги жыйналышта кароо учурунда кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.

5.3.Кеңештин төрагасы:

- Кеңештин сессияларын чакырат;

 - сессияларда, депутаттык угууларда ж.б. төрагалык кылат;

Жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;

Кеңештин иш-пландарын түзүунүн камсыз кылат;

- Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;

- Кеңештин жыйналыштарынын протоколуна жана башка документтерине кол коет;

- депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалыматтар менен камсыз кылууну уюштурат;

- сессия учурунда чыгып сүлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда жыйналышта сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага ага сын пикир айтууга укуктуу;

- электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүудө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет;

- кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;

- Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;

- мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде кеңештин атынан иш алып барат;

- кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;

- кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлооүчүн талапкерлерди сунуш кылат;

- кеңештин чечимдерин аткаруу максатында , анын ичинде кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйбуктарды чыгарат;

- кеңештин иш инде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди

эске алуу боюнча чараларды көрөт;

- Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;

- мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге кеңештин атынан кол коет;

- кеңештин чечимдерин Жазы айыл аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарылышын уюштурат жана контрольдойт;

- ага кенеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мызамдары тарабынан жуктөлүшу мүмкүн болгон башка маселелерди чечет;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо . Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.

- кенештин атынан айылдык кеңештин депутаттарына , айылдык кенештин атуулда салынышы мүмкүн.

5.5. Кенештин төрагасы, мамлекеттик органдарга Ардак грамота, төш белги ж.б. ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнуч жасайт.

5.4. Кеңештин төрагасынын буйруктары кенеш тарабынан алып салынышы мүмкүн.

5.5. Кеңештин төрагасынын өзүнүн ыйгарым укуктарын ч айдан ашык убакыт бою жүзөгө ашыра албаган учурда Кеңеш кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.

5.6. Кеңештин өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Төраганын өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арзынын негизинде канаатандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.

5.7. кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөонөтүнөн мурда бошотулган анын милдеттерин кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.

 

6.Кенештин төрагасынын орун басары

 

6.1. Кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш берүү менен кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.Ар бир депутат кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтүү(өзүн- өзү көрсөтүү) укугуна ээ.

6.2. Кеңештин төагасынын орун басарына шайлоо жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.

6.3. Кеңештин төрагасынын орун басары кеңешке отчет беретжана кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөо жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1\3 бөлүгүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.

Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүлөо үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

6.4. Ке ештин төрагасынын орун басары :

- Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын ишке ашырат:

- ага кеңештин төрагасы берген же ага кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;

-Кеңештин төрагасынын тапшырмаларынын аткарат.

Кеенештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

6.5. Кенештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канаатандырылат.

Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда кенештин торагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып эк ай өткөндөн кийин озүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.

6.6. Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда кенештин торагасынын орун басары ыкиыярдуу түрдө отставкага кетүү жөнүкундө арыз берет, ал кенештин төрагасы тарабынан каралат.

 

7. Кенештин жооптуу катчысы

 

7.1. Кенештин жооптуу катчысы кенештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан кылган адам болуп саналат.

Кенештин катчылыгы боюнча мыйзам менен белгиленген функцияларын муниципалдык кызматкер айылдык кеңештин жооптуу катчысы аткарат.

 

7.2. Кеңештин жооптуу катчысы:

- Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт жана жоопкер катары өз мөөнөтүндө мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барат;

- Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;

- Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;

- сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн… адистерди чакырат;

- депутаттардын кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат;

- Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;

- башка функцияларды аткарат.

 

8.Кеңештин туруктуу комиссиялары

 

8.1.Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын- ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт.

Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кеңештин сессиясында кабыл алынат.

8.2. Туруктуу комиссиялар кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, кенештин жана кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.

Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтергеи жана кайрылууларга белгиленген мөоноттө жооп берүугө милдеттүү.

8.3. Ар бир туруктуу комиссиянын компентенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал кеңештин сессиясында бекитилет.

8.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлот.

Депутат кеңештин бир гана(өзгөчө учурларда гана) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.

Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт, Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кенештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлушү мүмкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8.5. Депутат катары менен жүйөолүү себеби болбостон туруктуу комиссиянын пландуу жыйналыштарын 3 жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча кенештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн.Жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар саналат.

8.6. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда , ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурлардат кеңештин чечими талап кылынбайт.

8.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы жана кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.

8.8. туруктуу комиссиянын төрагасы:

- комиссиянын ишин уюштурат;

- комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;

- комиссиянын иш-планын. Жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;

- комиссия кеңешке даярдаган чечимдердин, сын пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;

- комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат лордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;

- комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;

- комиссиянын иши жөнүндө кеңешке жана кеңештин төрагасына маалымдайт;

- төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;

- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрунө маалымдайт;

- башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.

8.9. Туруктуу комиссиянын то туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.

8.10. Туруктуу комиссиянын трагасынын орун басары:

- туруктуу комиссия белгиленген милдеттерди бөлүштүрүугө ылайык функцияларды аткарат;

- төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;

- төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.

8.11. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат.

Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.

8.12. туруктуу комиссиянын катчысы:

- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүгүзөт;

- комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уютурат;

- комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;

- комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутатарды, мамлекетик бийликтин жана жергиликтүү з алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.

8.13. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышуга комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.

8.14.Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени кенештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же ооз эки формада киргизе алат.

8.15. Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын зарыл материалдар берилет.

8.16. туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын. Ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.

8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүруштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

8.18. туруктуу комиссия комиссиянын жыйналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.

8.19. Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарда зарылчылыкка жараша , бирок кварталына кеминде бир жолу чогулат.

8.20. Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы ашыгы , ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.

8.21. Комиссия чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнун көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде комиссиянын мурда мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнундө чечимдерге комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе , ал кабыл алынды деп эсептелет.

8.22. Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кенеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.

8.23. эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса ,комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт .Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.

8.24. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кенеш берүү добуш укугу менен катыша алат.

8.25. Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.

8.26. Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кенеш берүү добуш укугу менен катыша алат.

 

 

8.27. Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.

8.29. Туруктуу комиссиялар кенештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:

- туруктуу комиссиянын өзүнүн же кеңештин төрагасынын сунушу боюнча ;

- эгерде комиссиянын жыйналыштары үч ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) откөрүлбөгөн учурда;

- комиссияда үчтөн аз мүчө калган учурда .

 

9. Убактылуу(атайын) комиссиялар

 

9.1. Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.

9.2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.

9.3. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.

9.4. Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.

 

10. Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлрөдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

 

10. Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана кенештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.

10.2. Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага кеңештин торагасынын башчысынын орун басары башчылык кылат.

10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнундө сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнотүлөт.

10.4. Регламент маселелри боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.

Кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү үчүн кенешке киргизилет. Четке кагылган тузөтүүнүн автору аны кенеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.

10.5. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен копчүлүгү тарабынан кабыл алынат.