ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы
2024-жылдын 26-январы №15/1
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 –пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна, КРФМ Кара-Кулжа финансы башкармалыгынын 11.01.2024-жылдагы № 01-12/12 чыгуу санындагы катына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин долбоору жөнүндөгү” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы О.Мамасали кызынын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2024-жылга 25 727,5 миң сом, чыгаша бөлүгү 25 727,5миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
(тиркемелер тиркелет).
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой өндүрүштүк көлөмдөрүн, баалардын деңгээлдеринин,инфляциянын деңгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрайымы А.Кадамбаева) тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |