ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 9-июлу № 3/8
Жазы айыл өкмөтундөгү КБФ жерлеринин иштетилиши жана аренда жыйымдарынын топтолушу жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын КБФ жерлеринин иштетилиши жана аренда жыйымдарынын топтолушу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жазы айыл өкмөтундөгү КБФ жерлеринин иштетилиши жана аренда жыйымдарынын топтолушу эске алынсын деп белгиленсин.
2.Аренда жыйымдарын 2020-жылдын карыздарын ушул жылдын сентябрь айына чейин, 2021-жылдын салыгын октябрь айына чейин топтоп аткарылган иштер боюнча маалыматын берүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевгежуктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |