ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы
2024-жылдын 26-январы №15/2
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2024-жылга перспективалык иш-планын бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 22.06.2022-жылдагы № 7/2 токтому менен кабыл алынган Регламентинин негизинде айылдык Кеңештин 2024-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планынын долбоору боюнча айылдык Кеңештин катчысы С.Осмоналиевдин берген маалыматын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2024-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Үтөңбай уулуна тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |