Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 29-сентябры № 5/14

Айыл өкмөт башчысынын курулушка топурак алуу жана таштанды таштоо боюнча сунушу жөнүндө

Айыл өкмөт башчысы А.Жолоевдин аймактагы жарандардын курулуш материал катары топурак алууга жана бошогон жерге таштанды таштоо боюнча аныкталган Кара-Дыйкан айылынын түндүк тарабындагы адырдан1.0га жер боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Аймактагы жарандардын курулуш материал катары топурак алууга жана бошогон жерге таштанды таштоо боюнча аныкталган Кара-Дыйкан айылынын түндүк тарабындагы адырдан 1.0га жерге тиешелүү документтерди даярдап уруксат кагаздарын алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевге тапшырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Камчибеков