ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 5/ 17
Айылдык кеңештин айылчарба,энергетика, курулуш,транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасы К.Камчибековдун айылдык кенештин Кара-Дыйкан шайлоо участкасынан шайланган депутат А.Жолоев Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып анын ордуна шайлоочулардын көп добушун алган Исраилов Мирлан Камытжанович аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан мандат алып депутат болуп келгендигин ошондуктан туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү кире тургандыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш,транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин
1.Касымалиев Турсунали – төрага
2.Исаков Азамат
3. Чотобаев Дамир
4. Исраилов Мирлан
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттык этика,регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |