ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2021-жылдын 4-ноябры № 6/20
Айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Каракозуевдин айылдык кеңеш тараптан кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жана депутаттык этиканы сактоо боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган айыл чарба маселелери боюнча токтомдордун аткарылышы жөнүндө айылдык кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү өкмөт башчыга тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |