Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №16/1                                          

Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун 2023-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын  51- “Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2024-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун 2023-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго:

-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашырууну камсыз кылсын;

-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алсын;

-дем берүүчү гранттык комиссияга, райондук өнүктүрүү фондуна төрттөн кем эмес долбоор сунуштоо менен иш алып барсын,

-санариптештирүүнүн негизинде калкка маалыматтык кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүп, КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык өздүгүн тактоочу документтерди “Санарип Аймак” базасы аркылуу жеринде берүүнү уюштурсун,

-СЭД, Е-Кызмат, Инфодокс жана АиС ЗАГС программаларды ишке киргизүү менен кызматкерлер, мекемелер ортосунда электрондук документ жүргүзүү алакасына өтүү, жарандарды паспорттоштуруу, күбөлүктөрдү берүү, электрондук базага киргизүү жумуштарын айыл өкмөтүндө жүргүзүүнү камсыз кылсын, 

-балдар менен иш алып барууга өзгөчө көңүл буруп, ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын электрондук базасын түзүп, турмуш шарты оор үй-бүлөөлөр менен жакындан иш алып барууну колго алсын,

-калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жана суу төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү уюштурсун,

-суу пайдалануучулар бирикмесинин (СПА) ишин жандандырып, сугат суу менен камсыздоону, атайын техника, копатель алууну уюштурсун,

-таштандыларды ташып чыгуу боюнча “Ылай-Талаа - Тазалык” муниципалдык ишканасына ар тараптуу көмөк көрсөтүү менен долбоор аркылуу жаңы атайын техника алуу  жагын колго алсын,

-жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салууну уюштурсун,

-жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, колдонуудагы көпүрөлөрдүн, ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу, жарыктандыруу сыяктуу маселелерди колго алсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага:

Н.Айтбаев