Редакцияот 03.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги  XV cессиясы

2021-жылдын 3-декабры № 15/2

2021-жылга карата шаардын бюджетине  түшкөн 3400,0 миң сом кошумча киреше  жөнүндө

 

Кара - Суу шаарынын  бюджетине 2021-жылга карата түшкөн 3400,0 миң сом кошумча кирешени каржылоо сунушун карап жана  талкуулап  шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2021-жылга карата шаардын бюджетине  түшкөн 3400,0 миң сом кошумча киреше  төмөндөгү иштерге каржылансын:

- Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын реконструкциялоо үчүн 508,5 миң сом;

-       жеңилдиктер үчүн 100,0 миң сом;

-       аппарат кызматкерлеринин айлыгына - соц фонд, киреше салыгын төлөө боюнча карызды төлөөгө 200,0 миң сом;

-       Шарихан-Сай каналынын жээгиндеги ички көчөнү тегиздөөгө шагыл төшөө үчүн 250,0 миң сом;

-       түнкү жарыткычтардын электр энергиясына карыз төлөмдөрү үчүн  370,0 миң сом;

-       спорт жана маданиятка 100,0 миң сом;

-       департаменттин кызматтык авто унаасын оңдоого 30,0 миң сом;

-       жасатылган архитектуралык долбоорлордун карызы үчүн 300,0 миң сом;

-       шаардагы мектепке чейинки мекелерине жуучу каражаттарды сатып алууга 56,0 миң сомдон, жалпысы 168,0 миң сом;

-       30 даана түнкү жарыткычтарды орнотууга 73,5 миң;

-       атайын техника сатып алууга 1300,0 миң сом.

 

2. Бул  токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасынын орун басары:

 

В. Орозмаматова