ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы
2024-жылдын 21-февралы №16/3
Ылай-Талаа айылындагы эски мончонун имаратын ижаралык негизде пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 27-беренесинин 1,2-“Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндөгү” пунктуна жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 2-статьясынын 2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айылындагы эски мончонун имаратын ижаралык негизде пайдаланууга уруксатберилсин.
2. Кайрылган жеке ишкер менен тиешелүү документтерди тактап ижаралык келишим түзүп, түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадамбаева) тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |