Редакцияот 12.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XIII сессиясы 

2022-жылдын  12-сентябры № 86

 

Обком айылынын тургундарынын арызы жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Обком айылынын тургундарынын арызынын негизинде Абилов Бекболотун өз огородуна идентификациялык коду 5-06-15-1001-0676 баня курууга уруксат берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым

Г. Жороева