ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы
2024-жылдын 21-февралы №16/6
Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Аңгел участкасына сугат суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салымын карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Аңгел участкасына сугат суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин эсебинен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадамбаева) тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |