НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III Сессиясы
2021-жылдын 24-июну № 10
Түнтөй айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер бөлүп берүүжөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын муниципиалдык жеринен Түнтөй айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн 275 м2 сотых жер аянтын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы К.Өскөнбаевдин сунушун угуп жана талкулап
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III
сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагына караштуу Түнтөй айылынын муниципиалдык жеринен 275 м2 сотых жер аянты көмөкчү чордон орнотуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтына тиешелүү документацияларын даярдап берүү жагы Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде кана кабыл алынды
5. Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу Нурсултан |
|
|