ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы
2024-жылдын 26-январы №15/6
2022-жылдын жыйынтыгы менен Республикалык “Мыкты айыл өкмөтү” кароо-сынагында 2-орунду ээлегендиги үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө сыйлык катары берилген акча каражатын максаттуу чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы №5 тескемесинин негизинде Республикалык “Мыкты айыл өкмөтү” кароо-сынагында Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө сыйлык катары берилген акча каражатын максаттуу чыгымдоо тууралууЫлай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын жыйынтыгы менен Республикалык “Мыкты айыл өкмөтү” кароо-сынагында 2-орунду ээлегендиги үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө сыйлык катары берилген 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатынаЫлай-Талаа айылындагы Ө.Абдылдаев атындагы орто мектебинин жер аянтына жеке ишкер тарабынан курулуп бүткөн жабык типтеги кичи футбол аянтчасын сатып алууга уруксат берилсин.
2. Сатып алынган кичи футбол аянтчасына тиешелүү документтерин даярдап айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрайымы А.Кадамбаева) тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |