Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №1/2                                    

Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

               1. Бириккен Ылай-Талаа  айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №2 протокол бекитилсин.

 

             2. Исабаев Мелис Тыныбекович Кара-Кулжа районундагы бириккен Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин  шайланган төрагасынын орун басары деп таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага:

А.Кадыркулов