Редакцияот 26.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V Сессиясы

2021-жылдын 26-ноябры № 19

Чоргочу айылына медересе жана намазкана куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү  жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-статьясынын 1-пунктуна таянып Ничке-Сай айыл аймагынын Чоргочу айылына медересе жана намазкана куруу максатында Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Өскөнбаевдин сунушун угуп жана талкуулап

 

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1.            Ничке-Сай айыл аймагынын Чоргочу айылынында муниципиалдык менчикте турган 700 кв.м. жер аянты, Чоргочу айылына медересе жана намазкана курууга бөлүнүп берилсин.

2.            Бөлүнгөн жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жаны Токтогул райондук мамлекеттик Кадастр ишканасынан жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

3.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

4. Токтом мамлекеттик тилде кана кабыл алынды

  5. Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. 

Ничке-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Эргеш уулу Нурсултан