Редакцияот 27.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 27-марты № 4/1

Түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын кароо боюнча

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы

жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

 

1.Ак-Моюн айылдык кенешинин 2020-жылдын 10-февраль айындагы №2/1 токтому менен соц.объектилердин документтерин бүткөрүү үчүн каралган 300 000 (үч жүз миң) сомдун 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты COVID-19 илдетинин алдын алуу боюнча өзгөчө кырдаалдар үчүн каралып берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын

 

Ак-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

К.Асаналиев