Редакцияот 12.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын X-чакырылыштагы 8-сессиянын 5-кезексиз сессиясы

2020-жылдын 12-октябры № 8/1

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы

жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Ак-Моюн айылынын тургундарынан 23.09.2020-жылында 19 адамдын жазылган арызына ылайык Шеримбаев Черикбайдын Ак-Моюн айылынын күн батыш тарабында жайгашкан тосуп алган үлүш жеринин каналдын жээгинен суу чарба кызматкерлеринин иштөөсүнө,жана мал өтүүгө тоскоолдук болтурбоо үчүн, 6 метр жери зымдары жылдырылып алынсын.

 

2.Ак-Моюн айылынын тургуну Шеримбаев Черикбайдын 28.09.2020-жылында жазган арызы жергиликтүү аксакалдар сотуна жана тиешелүү органдарга берилсин.

 

3.Бирлик айылындагы Сары-гоо аймагында жайгашкан ФПС ке тиешелүү жерден 90 га жер 2 жылга ижарага Бирлик айылынын тургуну Шаршебаев Жолдошбекке берилсин.

 

 

4.Бул токтомдун аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кадыркуловго тапшырылсын.

 

Ак-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

К.Асаналиев