Редакцияот 12.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 12-февралы №1/2

Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылдык клубуна Майрам Дүйшекееванын наамын ыйгаруу жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы

жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

 

1.  Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылдык клубуна Кыргыз Республикасынын эл артиси Майрам Дүйшекееванын наамы ыйгарылсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын эл артиси Майрам Дүйшекеевага Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г. Көбөновага тапшырылсын.

 

Төрага:

К.Асаналиев