АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-марты № 2/1
Ак-Моюн айыл аймагында жазгы айдап-себүү, оруп-жыйноо жана малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын бааларын бекитүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айылында жазгы айдап-себүү, оруп-жыйноо баалары 2021-жылга карата төмөндөгүдөй бааланып бекитилсин:
1(бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 800 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 1000 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 400 сом. 10 литр солярка,
- Эгер эки жолу тырматса дыйкан 10 литр солярка кошуп куят.
- Сеялка: 400 сом. 10 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 3 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 800 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка .
-Чөп тырмоо 500 сом 5 литр солярка.
-Өстөн арык тартуу метрына 2 сом, күйүүчү майы ичинде.
2.Ак-Моюн айылында 2021-жылга карата малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары жана корукчулардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Мал баккан малчыларды ички жайытка көчүрүү1-майга чейин. Алыскы жана ортонку жайытка көчүүсү 1- июндан калбай көчүрүлсүн.
2. Баданы уюштуруу 1-майга чейин колго алынсын. Уюштуруу жагы айыл өкмөттүн кызматкерлерине милдеттендирилсин. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.
3. Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны бир ат, эки уйдан ашпасын.
4. Бадачынын эмгек акысы, бир уйга айына 300 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин, жайыт акыны бадачы төлөсүн.
5. Жайкы айылдагы камакка түшкөн бодо мал туягына 200 сом, майда малдын башына 20 сом айып пул төлөнсүн. Күнөөлү адамдан айып акча корукчуга төлөнсүн.
6. Ички жана алыскы жайытка көрсөтүлгөн мөөнөттө көчпөй тартип бузган учурда бодо малдын башына күнүнө 200 сомдон, майда жандыктын башына 20 сомдон айып салынып, күнөөлү адамдан өндүрүлсүн.
7. Мал баккан малчылар майда жандыктын туягына 35 сом, бодо малга 250 сом, букага 300 сом төлөнсүн, Эгерде ушул көрсөтүлгөн баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.төлөмдөрүн төлөсүн. Жайыт акы мал баккан малчыдан өндүрүлсүн.
8. Айыл өкмөттүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайытка (жайлоого) майда малдын туягына 20 сом, бодо малга 100 сом, кулун музоого 50 сом жайыт акы төлөнсүн. Жайыт акысы мал бакан малчыдан өндүрүлсүн.
9. Короо сарайдын жанындагы жайыт жерлерди тосуп алган учурда жайыт комитета менен бирдикте келишимдер убактылуу мөөнөткө түзүлүп, сотыхына 10 сомдон төлөнсүн. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттка пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар сотыхына 100 сомдон төлөнсүн.
10. Кочкор, теке баккандарга бир башына 100 сомдон баккандыгы үчүн алсын. Кочкорго бир башка, бир күн кошсо дагы бир ай кошсо дагы 100 сомдон мал ээси төлөсүн. Кочкор, текени мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын.
11. Малчы 1000 баштан ашык майда мал баккан учурда ашык малга патент төлөтүп алынсын.
12. 2021-жылдын 1-октябрынан кийин алыскы, ортонку жайыттан, мал баккан малчылар көчүп келсин. Эгерде эрте көчүп келген малчылар болсо 1-октябрга чейин бодо малга 200 сом майда малга күнүнө 20 сом мал башына айып төлөнүп, кайра Ак-Сай өрөөнүнө айдатылсын.
13. Кыштоодон 15-майдан кечикпей жаздоого көчүрүлсүн. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө көчпөсө бодо малга 100 сом, майда малга 10 сомдон күнүнө айып төлөнсүн. Кайра кыштоого 1-ноябрдан кийин көчүрүлсүн.
14. Жогорудагы көрсөтүлгөн шарттар айылдык кенештин сессиясында бекитилип, областык юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн.
15. Жогорудагылар боюнча малчылар менен келишимдер түзүлсүн.
3.Бирлик айылында жазгы айдап-себүү, оруп-жыйноо баалары 2021-жылга карата төмөндөгүдөй бааланып бекитилсин:
1(бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 1000 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 1200 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 600 сом. 10 литр солярка,
- Эгер эки жолу тырматса дыйкан 10 литр солярка кошуп куят.
- Сеялка: 600 сом. 10 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 3 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 800 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка .
-Чөп тырмоо 500 сом 5 литр солярка.
4.Бирлик айылында 2021-жылга карата малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары жана корукчулардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Мал баккан малчыларды ички жайытка көчүрүү1-майга чейин. Алыскы жана ортонку жайытка көчүүсү 1- июндан калбай көчүрүлсүн.
2. Баданы уюштуруу 1-майга чейин колго алынсын. Уюштуруу жагы айыл өкмөттүн кызматкерлерине милдеттендирилсин. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.
3. Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны бир ат, эки уйдан ашпасын.
4. Бадачынын эмгек акысы, бир уйга айына 300 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин, жайыт акыны бадачы төлөсүн.
5. Жайкы айылдагы камакка түшкөн бодо мал туягына 200 сом, майда малдын башына 20 сом айып пул төлөнсүн. Күнөөлү адамдан айып акча корукчуга төлөнсүн.
6. Ички жана алыскы жайытка көрсөтүлгөн мөөнөттө көчпөй тартип бузган учурда бодо малдын башына күнүнө 200 сомдон, майда жандыктын башына 20 сомдон айып салынып, күнөөлү адамдан өндүрүлсүн.
7. Мал баккан малчылар майда жандыктын туягына 40 сом, бодо малга 300 сом төлөнсүн, Эгерде ушул көрсөтүлгөн баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.төлөмдөрүн төлөсүн. Жайыт акы мал баккан малчыдан өндүрүлсүн.
8. Айыл өкмөттүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайытка (жайлоого) майда малдын туягына 20 сом, бодо малга 100 сом, кулун музоого 50 сом жайыт акы төлөнсүн. Жайыт акысы мал бакан малчыдан өндүрүлсүн.
9. Короо сарайдын жанындагы жайыт жерлерди тосуп алган учурда жайыт комитета менен бирдикте келишимдер убактылуу мөөнөткө түзүлүп, сотыхына 10 сомдон төлөнсүн. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттка пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар сотыхына 100 сомдон төлөнсүн.
10. Кочкор, теке баккандарга бир башына 100 сомдон баккандыгы үчүн алсын. Кочкорго бир башка, бир күн кошсо дагы бир ай кошсо дагы 100 сомдон мал ээси төлөсүн. Кочкор, текени мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын.
11. Малчы 1000 баштан ашык майда мал баккан учурда ашык малга патент төлөтүп алынсын.
12. 2021-жылдын 1-октябрынан кийин алыскы, ортонку жайыттан, мал баккан малчылар көчүп келсин. Эгерде эрте көчүп келген малчылар болсо 1-октябрга чейин бодо малга 200 сом майда малга күнүнө 20 сом мал башына айып төлөнүп, кайра Ак-Сай өрөөнүнө айдатылсын.
13. Кыштоодон 15-майдан кечикпей жаздоого көчүрүлсүн. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө көчпөсө бодо малга 100 сом, майда малга 10 сомдон күнүнө айып төлөнсүн. Кайра кыштоого 1-ноябрдан кийин көчүрүлсүн.
14. Жогорудагы көрсөтүлгөн шарттар айылдык кенештин сессиясында бекитилип, областык юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн.
15. Жогорудагылар боюнча малчылар менен келишимдер түзүлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асаналиев |